SerepTV Logo

Асел Кадырбекова кабылган жол кырсыгы. Айдоочу камактан бошотулган

Асел Кадырбекова кабылган жол кырсыгы. Айдоочу камактан бошотулган
Тараптардын жарашуусунан улам ырчы Асел Кадырбекова кабылган жол кырсыгындагы айдоочу камактан бошотулган. Мындай чечим Биринчи Май райондук соту тарабынан 25-августта чыккан. Бул тууралуу аталган сот маалымат таратты. "Биринчи Май райондук сотунун 25-августундагы токтомуна ылайык, Жазык кодексинин 297-беренесинде көрсөтүлгөн кылмышты жасоого айыпталган айдоочунун жазык иши тараптардын жарашуусуна байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган. Айыпталуучуга карата колдонулган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, камактан токтоосуз бошотулган", - деп жазылат маалыматта. Белгилүү болгондой, Асел Кадырбекова 26-июнда жол кырсыгына кабылып, катуу жаракат алган. Ырчы бир айдан ашуун убакыт ооруканада жаткан соң гана үйүнө чыккан.
Unknown Author