SerepTV Logo

Абидин Темиров: "Катташтарым көп болгондуктан туулган күн белгилебейм"

Абидин Темиров: "Катташтарым көп болгондуктан туулган күн белгилебейм"
Бүгүн, 3-февралда ырчы, обончу Абидин Темиров 53 жашка чыкты. SUPERTV ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканда, ал эки жылдан бери туулган күндү белгилебей калганын айтты. “Туугандар, достор, жоро-жолдоштор, шеринелештер, курсташтар, айтор катташтарым абдан көп экен. Бир жолу туулган күн өткөрсөм, бир эмес, үч күнгө созулуп кеткен. Ошондон кийин туулган күн белгилегенди токтоттум. Азыр деле көчөдө, жумуштарымды бүтүрүп жүрөм. Маанайым сонун”, - дейт ал. SUPERTV да ырчыны туулган күнү менен куттуктап, чың ден соолук каалайт!
Unknown Author