SerepTV Logo

Зулушев: "Матраимов боюнча айтылган сумманы УКМК сөзсүз төлөтөт"

Зулушев: "Матраимов боюнча айтылган сумманы УКМК сөзсүз төлөтөт"
Мурдагы депутат жана бийлик алмашкандан кийин башкы прокурор болуп дайындалган Курманкул Зулушев Райымбек Матраимов 2 миллиард сомду качан төлөп бүтүшү керектигин “мен билбейм да, тергөөчү билет” деди. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 20-октябрда кармалып, ошол эле күнү тергөө менен кызматташа турганын айтып, УКМК ноябрь айынын аягына чейин 2 миллиард сомду мамлекеттин эсебине которорун маалымдаган эле. 20-октябрдан бери өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары Матраимовдун бюджетке канча которгонун жана элге жарыялаган мөөнөт аяктаса да, 2 миллиард сом төлөнүп бүтө электигин дээрлик күн сайын айтып-жазып турат. Бирок ал мөөнөттөн Курманкул Зулушев кабарсыз калганын билдирди. “Айтылган сумманы сөзсүз түрдө менимче УКМК төлөтөт. Биз дагы ага карата чара колдонобуз” деди башкы прокурор.
admin@supertv.kg