SerepTV Logo

"Зектер" деп дүйнөгө жар салышты". Садыр Жапаров "Азаттык" тууралуу оюн айтты

"Зектер" деп дүйнөгө жар салышты". Садыр Жапаров "Азаттык" тууралуу оюн айтты
"Алар менин бийлик башына келишиме караманча каршы турушту". Бул тууралуу Садыр Жапаров "Азаттык" тууралуу оюн айтып жатып билдирди. "Сырткы кожоюндарынан “каршы тургула” деген буйрук алыштыбы, ким билсин. Айтор, Садыр Жапаровду жалаң "зектер" колдоп атат деп аянтка чогулган жөнөкөй элдин баарын "зектер" деп, дүйнө жүзүнө жар салышты. Аянтка чогулган эл мындай жалаа жапкан маалыматка жинденип, "Азаттыкты" талкалайбыз, өрттөйбүз” деп кеңсесине жөнөп калышкан экен, “Койгула, сабыр кылгыла” деп араң токтотуп калгам. Ошондон кийин эл “Азаттыкты” жек көрүп калды. Азыр кыргыз эли "Азаттыктын" көпчүлүк маалыматтарына ишенбейт. Сырттан каржылаган кожоюндарынын буйругун аткарат деп билишет. Эл азыр 20-30 жыл мурдагыдай эмес, такыр башка. Кимдин ким экенин, кандай жакшы иштер жасалып жатканын, кандай кемчиликтерибиз бар экенин эч кимге айттырбай эле беш колундай билет", - деди ал. "Азатттык" радиосунун редакциясы президенттин жогорудагы билдирүүсү тууралуу үн ката элек.
edita