Замир Жоошев: "Кыргызстандын болжол менен 10 миллиард долларлык жери берилди"
УКМК өлкө казынасына 5 миллиард сом өндүрүптүр. Бирок УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын болжол менен 10 миллиард долларлык жерин Өзбекстанга берип салды. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Мына: 1 гектар жерде 100 сотых жер бар. Ал эми 100 гектарда 10 миң сотых жер бар. Бишкектин борборунда 1 сотых жер жок дегенде 10 миң доллар турат дейли. Чек арада 1 сотых жер 1 миллион доллар туруш керек (Ташиев мырза өзү айткан). Ошондо 100 гектар жер 10 миллиард доллар турат (менин эсебим боюнча, адашып эле калбасам). Чындыгында кыргыздардын чек арасындагы жердин баасы болбош керек. Сатылбашы да, берилбеши да керек", - деп жазды ал.
Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ташкент шаарында чек ара боюнча протоколго кол койгон. Анда Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда 50 гектар жерди алмашуу боюнча пункт камтылган. Бирок буга каршы болгон жарандар митингге чыгышкан. Камчыбек Ташиев нааразы болгондор менен 19-апрелде жолугуп, ошол жерде айтылган талаптардан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин, 50 гектар жерди 20га чейин азайтууга аракет кыларын айткан.