Замир Жоошев: "Фарид Ниязовду СИЗОдо кармоо мыйзамсыз жана негизсиз"
Фарид Ниязовду СИЗОдо кармоо мыйзамсыз. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.
"Мыйзамда 3 конкреттүү негиздер көрсөтүлгөн. Эгерде шектелип жаткан адам тергөө органынан качып кетет, тергөөнү жүргүзүүгө тоскоолдук жаратат же кылмыш жасоону улантат деген гана негиздер болсо, мунун далилдери болсо гана камаса болот. Бүгүнкү күндө Фарид Ниязовго карата мындай далилдер болгон эмес, жок дагы. Мындан тышкары кошумча жагдай катары оор оору менен ооруп жатканы медиктер тарабынан аныкталган. Мындай учурда мыйзам шектүүнү тергөөчү жайдан бошотууга милдеттендирет. Ошондуктан бөгөт чарасынын мөөнөтүн узартуу - мыйзамсыз. Биз бул боюнча шаардык сотко кайрылышыбыз мүмкүн",- деди ал.
Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов Кой-Таш окуяларына, кийин 9-октябрда Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандыкка айыпталып камакта. 18-мартта Бишкек шаардык соту Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын карап, СИЗО-1 мекемесинде 10-апрелге чейин кармоо чечимин чыгарган. Ал эми кечээ, 5-апрелде Биринчи Май райондук соту бөгөт чарасын карап, аны 10-июнга чейин камакта калтырган.