SerepTV Logo

"Замандаш" партиясын Мухтар Өмүракуновдун баласы Аскар жетектемей болду

"Замандаш" партиясын Мухтар Өмүракуновдун баласы Аскар жетектемей болду
Эми "Замандаш" саясий партиясын Мухтар Өмүракуновдун баласы Аскарбек Өмүракунов жетектейт. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигине партиянын мүчөлөрү билдиришти. Маалыматка ылайык, 2018-жылдан бери аталган партияны жетектеп келген Жеңиш Молдокматов партиянын лидерлигинен кетип, ордун "Замандашты" негиздеген Мухтар Өмүркановдун уулуна өткөрүп берген. "Замандаш саясий партиясынын негиздөөчүсү Мухтар Өмүракуновдун уулу Аскарбек Өмүракунов партиянын төрагасы болду. Аскарбек атанын жолун жолдойм деп анын байсалдуу жолун улай турган болду. Партия эми жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна өзүнүн жаңыланган курамы менен аттанат", - деп билдиришти "Замандаш" партиясынын мүчөлөрү. "Замандаш" саясий партиясынын жаңы лидери 24 жашта. Ал учурда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер.
Unknown Author