SerepTV Logo

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна жаңы жетекчи дайындалды

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна жаңы жетекчи дайындалды
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп Самат Медеров дайындалды. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты. Мааалыматка ылайык, бүгүн 19-февралда өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жаңы жетекчини Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун кызматкерлерине тааныштырды. Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматты Алдаярбек Тойгоналиев аркалап келген. Ал ден-соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен кызматын тапшырган. Ал эми жаңы жетекчи Самат Медеров буга чейин өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы болуп эмгектенген.
Unknown Author