Ыргал Кадыралиева шайлоодон четтеп калганы үчүн БШКга арызданды
"Ак Бата" партиясынан Бишкек шаардык кеңешине ат салышып жаткан Ыргал Кадыралиева аны талапкерлердин катарынан чыгаруу боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин үстүнөн БШКга арызданды.
Аны жарыштан четтетүүгө ЖМКларда депутаттыкка талапкерлер Нариман Түлеев менен Ыргал Кадыралиева "Ак Бата" конушунда жергиликтүү тургундар арасында массалык спорттук иш-чара өткөргөнү тууралуу тасманын жарыяланышы себеп болгон.
Кадыралиева БАШК (Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы) бул чечимин Нурлан уулу Самат аттуу жарандын футболдук турнир "Ак Бата" партиясы тарабынан уюшулганы тууралуу телефондон берген маалыматынын негизинде чыгарганын билдирет. "Бирок бул пикир субъективдүү жана аталган жарандын жоромолдорунан турат. Нурлан уулу Самат өзү БАШКтын отурумуна чакырылган жок", - деди Кадыралиева. Ал футболдук турнир жергиликтүү тургун Айбек Назаров тарабынан уюшулганын белгиледи, ал эми катышуучуларга тамак-ашты анын Бакыт аттуу досу өзүнүн унаасы менен алып келип тараткан.
Кадыралиева өз арызында партиянын ички графиги боюнча жолугушуу 24-март саат 16:00гө пландалганын билдирди. Буга чейин ал жерде "Эмгек" партиясы ишембилик өткөргөн. "24-мартта шайлоочулар менен жолугушуу үчүн бир гана жер бош экени анык болду - ал турнирдин жаны эле. Жолугушуу саат 19:00гө чейин болгон, ал эми турнир 21:00гө чейин жүргөн», - деп белгиледи арыздануучу.
Анын айтымында, өзү тамак таратып, турнир уюштурганы тууралуу түз далилдер жок. Ал ошондой эле, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы отурумуна чакырбаганына нааразы болду.
Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-апрелде өтөт. 45 депутаттык орунга 25 партиядан талапкерлер ат салышууда.