"Терикпеңиз". Вице-спикер Сыдыгалиев менен депутат Мадумаров бир сөздүн айынан айтышты
"Биринчиден, бул жерде алып баруучулар отурган жок, төрагалык кылуучулар. Сиз тактап айтсаңыз" деди Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев депутат Адахан Мадумаровго.
"Төрагалар деп айттым. Кимиңиздер алып барып жатасыңар?" - деди депутат.
"Алып баруучулар дедиңиз. Сиз да алып баруучу болуп иштегенсиз. Анда ошону унутпаңыз", - деди ал.
"Ушинтип майдаланып кеттиңер", - деди депутат.
"Башында төрайым деп кайрылдым. Сиз микрофонду күйгүзүп жатасыз. Анан "кимиңер алып барып жатасыңар?" деп сурадым. Жыйынтыгына ким кол коёт? Экөөңөр бөлүп алып барып, жыйынтыгына ким кол коёт?" - деп сурады депутат.
"Мурда Жамиля Кубанычбековна алып барган. Азыркы маселени мен алып барып жатам", - деди вице-спикер.
"Алып барып жатам деп жатасыз. Ал сөзгө терикпеңиз", - деди депутат.
Жогорку Кеңеште “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.