Вице-мэрликтен Мамкурулуштун жетекчиси кызматына кеткен Нурдан Орунтаев тууралуу эмне белгилүү?
Кечээ, 9-ноябрда Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.
Нурдан Орунтаев 1988-жылы 9-сентябрда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Туз айылында туулган. Орусиянын Ички иштер министрлигинин Волгоград академиясын юриспруденция жана соттук криминалист адистигин аяктаган.
Эмгек жолу:
2006-2011-жылдары - Орусиянын Ички иштер министрлигинин Волгоград академиясынын курсанты;
2011-2012-жылдары - Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин тергөөчүсү;
2012-2014-жылдары - Ички иштер министрлигинин Академиясында окутуучу;
2015-2016-жылдары - Октябрь РИИБдин тергөө бөлүмүнүн башчысы;
2016-2018-жылдары - Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн ага тергөөчүсү;
2018-2019-жылдары - Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
2019-жылы - Чүй облусунун Москва районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы;
2019-2020-жылдары - Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы;
2020-2021-жылдары - Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөчүсү;
2021-жылы - Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башкармалыгынын башчысынын орун басары;
2022-жылы - Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору;
2022 (август) - Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалган;
2023-жылы - Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык менчик, жер пайдалануу жана архитектура боюнча орун басары.
2023-жыл (ноябрь) - Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.