"Уулума деп алынган оюнчук болчу". Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңешке алып барган муляж автомат тууралуу айтты
"Ал курал муляж болчу", - деди СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине депутат Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңештин жыйындар залына курал алып киргени тууралуу комментарий берип жатып.
"Оюнчук болчу. Айдоочу алып кетти. Уулумдун туулган күнүнө деп алынган", - деди ал. Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин жыйындар залынан куралга (Калашников автоматы) окшош буюм менен чыкканын жазышкан.