"Ушундай кооз сүйлөгөн министрлердин айынан мамлекет өнүкпөй жатат". Депутат министрдин орун басарына нааразы болду
Бүгүн, 21-апрелде ЖКнын кезектеги жыйынында депутат Шайлообек Атазов билим берүү министринин орун басарына пандемия учурундагы окуучулардын билим деңгээли тууралуу суроо узатты. Ага орун басар билим деңгээл чындыгында түшүп кеткенин айтты.
"Онлайн шартта интернетке бардык материалдарды жүктөдүк. Айрым окуучуларда жана мугалимдерде технологияларды колдонууда көйгөй жаралды", - деди Нурлан Өмүров.
Бул жоопко депутат нааразы болуп, өлкөдө ушундай кооз сүйлөгөн министрлердин айынан мамлекет өнүкпөй жатканын айтты. Мындан тышкары ал бул багытты жолго коюу керек экенин баса белгиледи.