Улуттук энергетикалык холдингге жаңы төрага келди
Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы болуп Бакыт Сыдыков дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини жамаатка Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев тааныштырып, ал Бакыт Сыдыковдун энергетика тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар экенин айткан.
Буга чейин Улуттук энергетикалык холдингди Нурбек Козубеков жетектеп келген.