SerepTV Logo

Улуттук банктын пайдасынын 90 пайызы бюджетке которулат

Улуттук банктын пайдасынын 90 пайызы бюджетке которулат
Жогорку Кенештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы. Алсак, бул конституциялык мыйзам долбоору Улуттук банктын пайдасын 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешесине 90 пайыз өлчөмүндө которуу жолу менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан. Бул долбоор эч кандай сын-пикирлер жана сунуштарсыз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашылган.
info