SerepTV Logo

Улуттук банк 1-апрелде 50,2 миллион доллар сатты

Улуттук банк 1-апрелде 50,2 миллион доллар сатты
Кыргызстандын Улуттук банкы 1-апрелде 50,2 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылат. Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери бешинчи ирет валюталык интервенция жасоодо. 28-январда банк 45,7 миллион доллар саткан, 4-февралда — 38 миллион, 11-мартта — 30,6 миллион, 25-мартта 43,7 миллион доллар саткан. Бейшемби күнгө салыштырмалуу доллардын сатып алчу курсу 4 тыйынга (84,72 сомго чейин) түшсө, сатуу мурдагы эле баада (84,9) калган.
Unknown Author