SerepTV Logo

Жаңы өкмөт башчы болом деп жаткан Улукбек Мариповдун өмүр баяны

Жаңы өкмөт башчы болом деп жаткан Улукбек Мариповдун өмүр баяны
Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеӊеште көпчүлүк коалиция өкмөт башчылык кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин карады. Жыйынтыгында анын талапкерлиги жактырылды. Өмүр баяны: Улукбек Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. Ош шаарындагы техникалык университетин аяктаган. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинен финансы жана кредит, юриспруденция адистиги боюнча билим алган. Билген тилдери: Кыргыз, орус, англис Эмгек жолу: 1997-2001-жылдары — "Кызыл Кетмен" дыйкан чарбасынын жетекчиси. 2001-2002-жылдары — Финансы министрлигинде жетектөөчү адис. 2002-2003-жылдары — Финансы министрлигинин кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын жардамчысы. 2003-2005-жылдары — Баткен облусунун губернаторунун жардамчысы. 2005-2006-жылдары — Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты. 2006-2008-жылдары — Президенттин администрациясынын уюштуруу иштери, көзөмөлдөө жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө талдоочу. 2008-жылдын октябрь айынан 2009-жылдын октябрына чейин – Президенттин администрациясынын уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө мамлекеттик инспектор. 2010-жылы — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси. 2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин – Өкмөттүк аппараттын уюштуруу-инспектордук жана аймактык башкаруу бөлүмүндө инспектор. 2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын апрелине чейин – Президенттин жардамчысы. 2015-жылы Улукбек Марипов Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. 2016-жылдан бери Эсептөө палатасын жетектеп келет.
edita