Улукбек Марипов: "Тоют жок болгон үчүн жарандар малын сатып жатышат"
Тоют жок болгон үчүн жарандар малын сатып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов комитеттин жыйынында билдирди.
"Тирүү малга, азык-түлүккө, арпага салыктан бошотобуз. Быйыл максималдуу түрдө Казакстандын түштүк жагынан киргизбесек дагы, Орусиядан сүйлөшүп болсо да киргизебиз. Биз тоютту камдабасак, баары малын сатып жатышат. Базарда малдын баасы түшүп кетти. Эл тоюттан кооптонуп жатат. Ошол үчүн малды да сактап калышыбыз керек, анан кийинки жылы малдын кымбаттоосуна да алып келбешибиз керек", - деди ал.