Улукбек Марипов Ташкент шаарындагы «Яшнабад» инновациялык технопаркына жана «IT-Паркка» барды. Сүрөт
Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы «Яшнабад» инновациялык технопаркына жана «IT-Паркка» барды.
Улукбек Марипов менен Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов көргөзмө залдарын кыдырып, Өзбекстан Республикасында өндүрүлгөн продукциялар коюлган павильондорду жана өндүрүштүк цехтерди көрүп чыгышты.
Делегация мүчөлөрүнө «Технопарктын» газ эсептегичтерин, өнөр-жай кондиционерлерин жана муздатуу тутумдарын, суу насоссторун, лифт жана эскалаторлорду чыгаруучу алты жогорку технологиялык заводдорунан турган өндүрүштүк ишканалар тобу сунушталды.
Мындан тышкары, делегация мүчөлөрү мында өндүрүлгөн продукциянын экспорттук потенциалы менен таанышып, технопарктын ишканаларынын жетекчилери менен жолугушту. Алар жаңы өндүрүштөрдү ачуу боюнча пландары тууралуу айтып беришти.
Аталган технопарк жогорку технологиялык өндүрүштү түзүүгө, экспортко жана импортту алмаштырууга багыт алган өндүрүштүк ишканалар тобун түзөт.
Өкмөт башчы Улукбек Марипов «Яшнабад» технопаркындагы өнөр жай өндүрүшүнүн жогорку натыйжаларын белгилеп, мындан ары карай ийгиликтерди жана өнүгүүнү каалады.
Андан соң премьер-министр жана кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Программалык продуктулар жана маалыматтык технологиялардын технологиялык паркына барды.
Инновациялык шаарчада маалыматтык технологиялар, финансылык технологиялар, электрондук коммерция, электрондук билим берүү жана биотехнологиялар сыяктуу багыттар боюнча келечектүү баштапкы долбоорлорду колдоого алуу боюнча инкубациялык жана акселерациялык программалар иштейт.
Делегация мүчөлөрүнө ошондой эле медициналык тез жардамды башкаруунун автоматташтырылган тутуму сунушталды.
Мындан тышкары, делегация жетекчилерине келечектеги IT-шаарчанын курулуш долбоорунун бетачары сунушталды.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Ташкент шаарына эртең, 26-мартта өтүүчү Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышуу үчүн барган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="30547,30546,30545,30544,30543,30542,30541,30540,30539"]