SerepTV Logo

Улукбек Марипов тажик кесиптеши менен чек арадагы абалды талкуулады

Улукбек Марипов тажик кесиптеши менен чек арадагы абалды талкуулады
Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Мариповдун Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен пландаштырылбаган эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн өкмөт башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулашты. Тараптар эки республиканын чек арасындагы конфликттик абалды сүйлөшүү жолу аркылуу тез арада чечүүгө толугу менен даярдыгын билдирди. Эки өлкөнүн премьер-министрлери чек ара маселелерин чечүүдө күч ыкмаларын колдонууга жол берилбеши тийиштигин жана мындан ары карай чыр-чатакты ырбатууга жол бербөө максатында ыкчам чараларды кабыл алуу зарылдыгы боюнча бирдиктүү пикирин билдиришти.
Unknown Author