SerepTV Logo

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кызматынан бошотулду

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кызматынан бошотулду
Марипов Улукбек Асамидинович Министрлер кабинетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Президенттин дагы бир жарлыгы менен Жапаров Акылбек Үсөнбекович Министрлер кабинетинин төрагасынын - президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.