SerepTV Logo

Премьер-министр Улукбек Марипов да коронавируска каршы эмдөөнү кийинчерээк алат. Себеп?

Премьер-министр Улукбек Марипов да коронавируска каршы эмдөөнү кийинчерээк алат. Себеп?
Премьер-министр Улукбек Марипов азыр коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөйт. Мындай пикирди өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Толкун Камчыбекова айтты. Анын айтымында, премьер-министр өлкөнүн башка жарандары сыяктуу эле вакцинага мүмкүнчүлүк алуу маанилүү деп эсептейт, ошондуктан ал вакцинаны Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан аныкталган артыкчылыктуу тартипте алат. "Эмдөөнүн биринчи этабынан кийин оорубагандар жана кайрадан жугуштуу инфекцияга каршы иммунитетке ээ болбогон жарандар вакцина алышы керек. Мындан тышкары, премьер-министр буга чейин коронавирус илдети менен ооруган, буга байланыштуу дарыгерлердин айтымында анын иммунитети азыркы учурда өлкөнүн бардык жарандары үчүн вакцинанын көбүрөөк жеткиликтүүлүгүн күтүүгө мүмкүнчүлүк берет", - деди басма сөз кызматынын башчысы. Ошондой эле ал эмдөөнү алгач коркунуч зонасындагылар – медицина кызматкерлери, аскер кызматкерлери, мугалимдер алышы керек экендигин кошумчалады. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өкмөт башчы Улукбек Марипов тест тапшырып, коронавируска каршы эмдөөдөн өтөт деп айткан эле. Буга чейин президент Садыр Жапаров да коронавирус илдетин жуктуруп, кийин ага каршы антителосу бар болуп чыкканына байланыштуу вакцина албай турганы маалымдалган. «Эгерде убакыттын өтүшү менен антителолордун саны жоголсо же сезилерлик азайса, анда Садыр Жапаров коронавируска карата сөзсүз түрдө эмделет», - деп жазылган эле маалыматта.
Unknown Author