SerepTV Logo

Улукбек Марипов экономика жана финансы министрин эмгек жамаатка тааныштырды

Улукбек Марипов экономика жана финансы министрин эмгек жамаатка тааныштырды
Премьер-министр Улукбек Марипов Экономика жана финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына вице-премьер-министр — экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаковду тааныштырды. Өкмөт башчы министрликтин жетекчилиги алдында турган негизги милдеттерди, анын катарында туруктуу экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды берди. «Учурда Экономика жана финансы министрлигине чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Кеп бардык социалдык милдеттенмелерди, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу, экономиканы турукташтыруу боюнча ыкчам антикризистик чараларды кабыл алуу иштери тууралуу жүрүүдө»,- деди Улукбек Марипов. Премьер-министр вице-премьер-министр рангындагы Кармышаковдун ишине ийгиликтерди жана алдыга коюлган пландардын ишке ашуусун каалады.
edita