Улукбек Марипов: "Айыл чарба тармагына күчтүү жетекчи келет"
Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралды.
Депутат Бейшеналы Нурдинов: "Айыл чарба тармагын күчтөндүрө турганыңызды айтып жатасыз. Ал тармакка сиздей болгон күчтүү 20-30 жыл иштеген киши барышы керек",- деди.
Улукбек Марипов ал жакка андан да күчтүү жетекчи бара турганын белгиледи.
"Ал жакка менден да күчтүү кадр келе жатат. Ал боюнча бүгүн же эртең билесиздер",- деди Марипов.
Учурда айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигин Тилек Токтогазиев жетектеп жатат.