SerepTV Logo

Ташиев: "Кумтөр" боюнча экс-премьерлерди, депутаттарды жоопко тартабыз"

Ташиев: "Кумтөр" боюнча экс-премьерлерди, депутаттарды жоопко тартабыз"

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Кумтөр" маселеси боюнча 4 кылмыш ишин иликтеп жатат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, 4 иштин бири кенди иштеткен компаниянын жетекчилерине карата болсо, калган үчөө жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызмат ээлеген адамдарга карата козголгон. Анын катарында бир канча мурдагы өкмөт башчылар, депутаттар, Салык кызматы менен Социалдык фондду жетектеген башчылар бар.

«Алардын бири мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге козголгон. Ал компанияга кошумча жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча айыпталып жатат. Салыктык чегерүүлөрдү эсептөө жана зыяндуу заттардын жүгүртүлүшү жана абанын булганышынын эрежелерин бузуу жөнүндө да иш бар», - деди ал. 

Анын айтымында, компаниянын жетекчилигине бир кылмыш иши козголгон. «Келишимге кол койгон бардык чиновниктердин жоопкерчилигин карайбыз. "Кумтөрдөн" колдоо алган депутаттар тууралуу материалдар да бар. Бул негизсиз айыптоолор эмес, бул конкреттүү айыптар коюлган конкреттүү кылмыш иштери. Эгерде токтом бүгүн кабыл алынса, анда эртеңден тартып бул ишке аралашкан ар бир кызматтагы адамды жоопкерчиликке тартып баштайбыз», - деди ал.

edita