УКМК: «Ишеним» партиясын түзүүчүлөрдүн бири — өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов"
Бүгүн, 1-мартта УКМК алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу маалымат таратты.
«Ишеним» саясий партиясынын түзүүчүлөрүнүн бири катары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.А. катталган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет административдик ресурсту колдонуунун натыйжасында, өлкөдө адилетсиз шайлоо болуп, кесепетинен 2020-жылдын октябрь окуялары чыккан деп эсептейт.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Ишеним» партиясы 2011-жылы 10-октябрда катталган.
Жетекчиси Ибаков Мирлан Таштандиевич болсо, түзүүчүсү катары 10 адам катталган. Алардын бири — Абдураимов Жарасул Осмоналиевич.
Эскерте кетсек, учурда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жарасул Абдураимов эмгектенет.