SerepTV Logo

УКМК депутат Исхак Пирматовдун кылмыш ишин жандандырды

УКМК депутат Исхак Пирматовдун кылмыш ишин жандандырды
УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовго карата кылмыш ишин жандандырды. Бул тууралуу 24.кг сайты өздүк булактарына таянып жазышты. Маалым болгондой, иликтөө иши 2020-жылдын октябрь айында башталган. Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирине кылмыш иши козголгонун айтып, бирок аты-жөнүн ачыктоодон баш тарткан. “Депутаттардын бири  мындан 8 жыл мурун кылмыш кылып, азыр ал үчүн айып төлөп жатат. Биз чоң суммадагы айыппул төлөө шартын койгонбуз. Азыр жарымын төлөп бүттү”, - деген ал. Кошумчалай кетсек, 2012-жылы Башкы прокуратура буга чейин Исхак Пирматов жетектеген «Кыргызнефтегаз» ишканасына кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок 2014-жылы аталган ишти кароо токтотулган.
Unknown Author