SerepTV Logo

УКМК Алмаз Кененбаевдин кармалганын төгүндөдү

УКМК Алмаз Кененбаевдин кармалганын төгүндөдү

УКМК экс-президент Сооронбай Жээнбековдун администрация башчысынын мурдагы биринчи орун басары Алмаз Кененбаевдин кармалганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу Sputnik жазды.

«Ал кармалган жок. Бул жалган маалымат», — деп билдиришкен УКМКдан. Буга чейин айрым ЖМКлар өздүк булактарына таянып, 17-апрелде Кененбаевдин үйүндө тинтүү жүрүп, ал УКМК кызматкерлери тарабынан кармалганын жазган болчу.

Алмаз Кененбаев Жээнбековдун учурунда президенттик аппараттын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган. Ага чейин алты жыл катары менен Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. 2020-жылдын октябрь айындагы өлкөдө бийлик алмашкандан кийин ээлеген кызматынан бошотулган.

Unknown Author