Активист Тилекмат Кудайбергеновдун баш коргоо чарасы каралып жатат
Бүгүн, 17-мартта Бишкектин Свердлов райондук сотунда жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновдун баш коргоо чарасы каралууда. Сереп Медиа маалымат агенттиги активисттин баш коргоо чарасын соттун имаратынын алдынан түз алып көрсөттү. Түз эфирди шилтеме аркылуу көрүңүз.
15-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновду кармап кетишкен. Ал Фейсбукта Тилекмат Куренов деп катталган. 9-март күнү Кудайбергенов тарапташтары менен Ак Үйдүн жанында жаңы Конституцияга каршы нааразычылык акциясын уюштуруп, президент Садыр Жапаровду, Жогорку Кеңештин спикерин жана депутаттарды бийликти узурпациялоо үчүн сотко берүүгө даяр экенин билдирген.