SerepTV Logo

Тышкы иштер министри Сауд Аравиясынын элчисин кабыл алды

Тышкы иштер министри Сауд Аравиясынын элчисин кабыл алды
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Сауд Аравиясынын элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жумду кабыл алды. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлине канааттангандыктарын билдиришип, ар кандай тармактардагы кызматташтык тынымсыз өнүгүп жаткандыгын белгилешти. Соода-экономикалык, инвестициялык жана туризм жаатындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү зарылдыгына да токтоло кеттишти. Кыргыз-Сауд мамилелерин чыңдоого кошкон жеке салымын жогору баалап, Казакбаев элчини «Данакер» ордени менен сыйланышын куттуктап өттү.
edita