"Тынч иштетесиңерби?" Президент иш сапардан кийин жасалып жаткан иштердин ийне-жибине чейин айтып берерин билдирди
Президент Садыр Жапаров иш сапардан кийин жасалып жаткан иштерди ийне-жибине чейин айтып берерин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Иш сапардан келгенден кийин атайын маек берейинчи. Өлкө боюнча жасалып жаткан иштерди ийне-жибине чейин айтып берем. Эл-журттун башын айландырып, удургуткандарга жооп болсун. Алагды кылбай, тынч иштетесиңерби, туугандар?" - деп жазды ал.
Ал өзүнүн кайрылуусунда Уинстон Черчиллдин цитатасын колдонду. Кечээ, 18-апрелде Садыр Жапаровдун расмий сапар менен Азербайжанга барары маалым болгон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram