"Туура окуй албайт деп күлөт". Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңешке чакырылгандарга кеңеш берди
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламентке чакырылгандарга кеңеш берип, аты-жөнүн кыргызчалап келүүсүн айтты.
"Урматтуу чакырылгандар, мен силерге кеңеш иретинде айтып коёюнчу. Кыргыздын фамилиясын, ата-тегиңиздердин атына сый мамиле кылып, кордобосоңуздар. Аты-жөнүңөрдү бул жерде жазылгандай окусам, мени туура эмес окуп жатат деп айтышат. Бирок мен тууралап окуп жатам.
Дуйшенкуловичти Дүйшөнкулович деп жазат. Дүйшөнкул качан Дуйшенкул болот? Нурдоолот Сатыбекович - Нурдөөлөт. Эмнеге дагы эле Нурдоолот? Карасартов Алмазбек Оганович. Оган деген жок, Ооганович деген бар. Кийизбаева Жазгуль - Жазгүл. Акимов Азирет Доолатбекович эмес, Дөөлөтбекович. Мен ушинтин окусам, азыр кыргыз эли күлөт мага. Спикер фамилияны туура окуй албайт деп", - деди ал.