SerepTV Logo

Төрага Талант Мамытов Санкт-Петербургга барды

Төрага Талант Мамытов Санкт-Петербургга барды
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Санкт-Петербург шаарына барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Алар Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 52-пленардык отурумуна катышат. Ошондой эле терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча конференция болот. Муну менен жазгы сессиянын алкагында саясий, эл аралык кызматташтык, экономикалык жана каржы маселелери боюнча КМШ ПААнын туруктуу комиссияларынын да жыйындары, парламенттик делегация башчыларынын эки тараптуу жолугушуулары мерчемделген.
Андан тышкары, төрага Талант Мамытов Санкт-Петербург шаарындагы кыргызстандык мекендештер менен жолугушат. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев, Каныбек Иманалиев жана Айнуру Алтыбаева бар.
Unknown Author