Төрага "парламент көз каранды, сырттан башкарылат, сын-пикир айта албайт" дегендерге жооп берди
Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев жыйын алдында парламенттин аброю жана ишмердиги боюнча сөз сүйлөдү.
"Коомчулукта акыркы жумада парламенттин дарегине орундуу да, орунсуз да сындар айтылып жатат. Аброюн мен коргошум керек, ага жооптуумун. Айтып жаткан айрым жарандарга жооп берип коеюн. Парламент өз милдетин так, ачык аткарууда. Көз каранды, сырттан башкарылат, көп түрдүүлүк жок, курч сөздөр айтылбайт дегенди четке кагам. Депутаттар каалаганын сүйлөп жатат. Бийликке, президентке, Министрлер кабинетине сын айта албайт дегенге каршымын", - деди ал.