SerepTV Logo

Төрага Нурланбек Шакиев Орусияга расмий иш сапары менен барды

Төрага Нурланбек Шакиев Орусияга расмий иш сапары менен барды

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусияга расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Расмий сапардын алкагында Орусиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен тар чөйрөдө жана кеңейтилген курамда жолугушат. Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү күтүлүүдө.

Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Элдар Сулайманов, Аида Исатбек кызы, Замирбек Мамасадыков, Эмилбек Жусупов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Жалолидин Нурбаев жана Карим Ханджеза бар.

edita