SerepTV Logo

Төрага Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Өзбекстанга иш сапары менен жөнөп кетти

Төрага Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Өзбекстанга иш сапары менен жөнөп кетти
Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагаларынын кезектеги форумуна катышуу үчүн Өзбекстандын Хива шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти. Аталган форумда коңшу өлкөлөрдүн парламенттер аралык байланышын чыңдоо маселелери талкууланары күтүлүүдө. Ошондой эле төрага иш-чаранын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт. Төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Шарапаткан Мажитова, Чынберди Толонов жана Чыңгыз Ажибаев бар.
edita