SerepTV Logo

Нурланбек Шакиев Анкарада өтө турган ТүркПАнын кезектеги жыйындарына катышат

Нурланбек Шакиев Анкарада өтө турган ТүркПАнын кезектеги жыйындарына катышат
Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган делегация Түркия Республикасына иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында Нурланбек Шакиев Анкара шаарында өтө турган Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарына катышат. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Султанбекова, Улан Бакасов жана Айбек Осмонов бар.
info