SerepTV Logo

Нурланбек Шакиев алты депутат менен Өзбекстанга иш сапары менен кетти

Нурланбек Шакиев алты депутат менен Өзбекстанга иш сапары менен кетти
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстанга расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Расмий сапардын алкагында Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт. Алсак, жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө. Делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Азизбек Турсунбаев, Айсаракан Абдибаева, Гүлкан Молдобекова, Эльвира Сурабалдиева, Медербек Алиев бар.
edita