SerepTV Logo

"Толук окуганга жетишпей калгам". Депутат казино боюнча Куранда жазылганды кайрадан окуду

"Толук окуганга жетишпей калгам". Депутат казино боюнча Куранда жазылганды кайрадан окуду
Бүгүн, 18-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев казино боюнча Куранда жазылгандарды мурдагы жыйында толугу менен окуп берүүгө жетишпей калганын айтты. "Өткөндө кумаркана боюнча мыйзамды карап жатканда убакыттын тардыгына байланыштуу Курандын 219-беренесин толугу менен окуп берүүгө жетишпедим. Ал үчүн кечирим сурайм. Окулбай калган жери мындай: "ал экөөсүнүн пайдасынан зыяны чоңураак". Муфтияттын саясат менен динди аралаштырбаганына терең ыраазычылык билдирем", - деди ал. 11-майда Жогорку Кеңеш кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон. Талкуу учурунда депутат Арсланбек Малиев колуна Куран китебин алып, анда кумар оюндарынын “бир аз пайдасы бар” деп жазылганын окуп берген. Кийинчерээк Муфтият маалымат таратып, күнүмдүк жыргалчылык жана саясат үчүн Куранды бурмалабоого жана булгабоого чакырган.