Тимур Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Полковник Шабданбеков Тимур Маратович Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Тимур Шабданбеков 48 жашта. Бишкек шаарынын тургуну. Буга чейин ал УКМКнын 9-кызматынын (Мамлекеттик күзөт кызматы) башчысы болуп иштеген. 1996-жылы Ички иштер министрлигинин Бишкек жогорку мектебин аяктаган. Аскердик наамы - полковник.
Эмгек жолун 1996-жылы баштаган. 1999-жылдан бери улуттук коопсуздук органдарында ар кандай кызматтарда, анын ичинде жетекчилик кызматтарда, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматында да иштеген.