SerepTV Logo

Тилек Токтогазиев ун аткезчилигинен улам 1 миллиард сом бюджетке түшпөй калып жатканын айтты

Тилек Токтогазиев ун аткезчилигинен улам 1 миллиард сом бюджетке түшпөй калып жатканын айтты
Кечээ, 3-февралда Бишкек шаарындагы маалымат жыйында айыл чарба министринин милдетин аткарып келген Тилек Токтогазиев бир нече маселелерге токтолду. Алардын бири чек арадагы маселе болду. Анын айтымында, бүгүнкү күндө контрабанданын көлөмү 1 млрд сомго чейин жетет. «Унду улпак же азык-түлүктүн башка түрү катары катташкандыктан бюджетке акча келип түшпөйт», - деди Токтогазиев. Ал көп жылдардан бери иштеп келген контрабанданын схемалары бар экенин, анын командасы ошолор менен күрөшкөнүн айтты. «Биз түшүнүп жатабыз, депутаттык корпуста биз жолтоо болгон белгилүү бир күчтөр бар. Биз бул жакка белгилүү бир адамдарга жана саясий күчтөргө кызмат кылууга келген эмеспиз. Биз элге кызмат кылуу үчүн келгенбиз. Мен 100 күн бою өз ишибизди жоопкерчиликтүү жана таза аткардык деп айта алам»,- деди Токтогазиев. Мындан тышкары, жыйында өлкөдө кумшекер жана өсүмдүк майынын көлөмү чектелүү экендиги айтылды. Жаңы кызматка киришкен айыл чарба министри бул көйгөйлөргө туш келерин билдирди. "Биз дүйшөмбү күнү командабыз менен салтка айланган чогулушту өткөрдүк. Анда эң маанилүү делген эки суроону карадык. Биринчиси азык-түлүк боюнча, тилекке каршы, жакын арада жана жай мезгилинде буудайга байланыштуу курч маселе жаралат. Ошондой эле кумшекер боюнча Кайынды заводунда 18 миң тонна кумшекер бар, ал эми кампадагы 8 миң тонна кумшекер фермерлерге тийиштүү. Ошондо жалпы 26 миң тонна, бул көп болсо 3 айга гана жетиши мүмкүн. Мунун бирден-бир себеби аткезчилик болуп эсептелет. Мисалы, биздин коңшу өлкөлөргө тагыраагы Өзбекстан, Тажикстанга ири көлөмдө экспорттолгон. Бул боюнча биз өз кезегинде дайыма айтып чыктык, токтотуу керектигин эскерттик, бирок бизди угушкан жок. Ал эми өсүмдүк майы боюнча бизде учурда акыркы 5 айга жете тургандай бар. Ошондой эле ун жана башка азыктар боюнча мен кесиптештеримден комиссия түзүп, кампаларды текшерүү тууралуу сурандым. Улуттук статистика комитети берген сандар чыныгы фактыдан өтө чоң санда айырмаланып турат", - деп билдирди Тилек Токтогазиев. Ошондой эле ал жогоруда айтылган сандар калкты толук камсыздай албай турганын кошумчалап, кийинки келген министр кампалардын физикалык жагын текшерүү керектигин эскертти. Тилек Токтогазиев 2020-жылдын октябрындагы окуялардан кийин бийлик алмашканда министр болуп дайындалган. Ал Улукбек Марипов башында турган өкмөттүн жаңы сунушталып жаткан курамына кирген эмес.      
edita