SerepTV Logo

Министр Тилек Токтогазиев орун басарын алмаштырды

Министр Тилек Токтогазиев орун басарын алмаштырды
Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевдин орун басары Амангелди Исаев кызматтан кетип, анын ордуна Бермет Турсалиева дайындалды. Бул тууралуу Тилек Токтогазиев социалдык тармактагы баракчасына жазды. “Айыл чарба министрлиги - чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Реформаларды жасаш үчүн күчтүү команда керек. Бермет айым менен  министрликке жаратмандык маданиятты алып келип, көп-көп прогрессивдүү жаңы долбоорлорду ишке ашырабыз деп ишенем”, - деп жазган ал.
Unknown Author