SerepTV Logo

Тилек Батырканов президенттин иш башкаруучусу кызматынан бошотулду

Тилек Батырканов президенттин иш башкаруучусу кызматынан бошотулду
Батырканов Тилек Карыбекович Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкаруучусу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Маалыматка караганда, ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулган. Батырканов бул кызматка өткөн жылдын декабрь айында дайындалган болчу.