SerepTV Logo

Теңинен көбү катышкан жок. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары парламентке чогулду

Теңинен көбү катышкан жок. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары парламентке чогулду
30-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары менен жолугушуп, аларга Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин чечими менен ыйгарылган “КМШ ПАА 30 жыл” аталышындагы маарекелик медалдарды тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти. Жолугушууда сөз сүйлөгөн Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов КМШ ПААнын алгачкы маанилүү чечимдери Жогорку Кеңештин имаратында кабыл алынганын белгилеп, ассамблеянын быйылкы отурумдарын Бишкекте өткөрүүнү сунуштады. Белгилей кетсек, КМШ ПААнын 30 жылдык маарекелик медалдарын Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларына ыйгаруу чечими кабыл алынган. Алар:
  • Акматов Таштанбек Акматович – Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы (1987-1990);
  • Шеримкулов Медеткан Шеримкулович – XII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (1990-1994);
  • Матубраимов Алманбет Матубраимович – I чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы (1995-1997);
  • Эркебаев Абдыганы Эркебаевич – I чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы (1997-2000), II чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы (2000-2005);
  • Бөрүбаев Алтай Асылканович – II чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы (2000-2005);
  • Кадырбеков Ишенбай Дүйшенбиевич – II чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын т өрагасы (2005);
  • Мукашев Муратбек Осмоналиевич – II чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы (2005);
  • Текебаев Өмүрбек Чиркешович – III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2005-2006);
  • Султанов Марат Абдыразакович – II чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2006-2007);
  • Мадумаров Адахан Кимсанбаевич – IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2007-2008);
  • Тагаев Айтибай Султанович – IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2008-2009);
  • Курманов Зайнидин Карпекович – IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2009-2010);
  • Келдибеков Ахматбек Келдибекович – V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2010-2011);
  • Жээнбеков Асылбек Шарипович – V,VI чакырылыштардагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2011-2016);
  • Джумабеков Дастанбек Артисбекович – VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2017-2020);
  • Абдылдаев Мыктыбек Юсупович - VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2020);
  • Исаев Канатбек Кедейканович – VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2020);
  • Мамытов Талант Турдумаматович – VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы.
Мурдагы төрагалар биргеликте түшкөн сүрөт жарыяланды. Анда Дастан Жумабековдун, Адахан Мадумаровдун, Абдыганы Эркебаевдин, Медет Шеримкуловдун, Талант Мамытов, Алтай Бөрүбаевдин, Айтибай Тагаевдин, Ишенбай Кадырбековдун жана Канат Исаевдин гана келгенин көрүүгө болот.