SerepTV Logo

Текебаевдин мандатын алган жаңы депутат ишке киришти

Текебаевдин мандатын алган жаңы депутат ишке киришти
Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңеште кезектеги жалпы жыйын өтүп жатат. Отурумда жаңы депутат Шералы Абдылдаев ант берди. Ал мандаты сот тарабынан алынып коюлган Өмүрбек Текебаевдин ордуна келди. Шералы Абдылдаев буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусун жетектеген. Белгилей кетсек, 2017-жылы Шералы Абдылдаев коррупция фактысы боюнча ачылган иште суракка жана соттук отурумдарга келбей жатканына байланыштуу УКМК тарабынан издөөгө алынган. Ал бул иште Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотонов менен бирге өтүп жаткан. Кийин ал ден соолугуна байланыштуу операция жасатуу үчүн Түркияга кеткени маалым болуп, тергөө убактылуу токтотулган.

Учурда Шералы Абдылдаевдин соттуулугу жок, бирок андан айыптоолор алынып салына элек, Абдылдаев үй камагында.

Жалпы жыйынга 82 эл өкүлү чогулду.
Unknown Author