Тазабек Икрамов: "Ыплас каралооңор менин саясаттагы өмүрүмдү узартат"
"Көп учурдан бери мен жөнүндө ар кандай маанидеги коомдук пикир жаратуу, фейк маалыматтарды жайылтуу боюнча ырааттуу иш-чара жүрүп жатканынан маалыматым бар". Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Саясат - бул күрөш! Саясатта көз караштардын, ой-пикирлердин каршылыгы, же биргелиги. Көп учурдан бери мен жөнүндө ар кандай маанидеги коомдук пикир жаратуу, фейк маалыматтарды жайылтуу боюнча ырааттуу иш чара жүрүп жатканынан маалыматым бар. Айтчу сөз көп, бирок Жараткандан сабыр тилейм! Эртең эле коомдук активисттер, саясатчылар жөнүндө монтаждалган маалыматтар тараса, мен да карапайым калкыбыз катары баш чайкайм! Кудай курулай жалаадан, жөнү жок кошоматтан сактасын! Сын айткан адамга жалган жалаа жаппай, сынды көтөрө билиш керек! Бул ыплас каралооңор менин саясаттагы өмүрүмдү узартат жана эл алдында жоопкерчилигимди көбөйтөт. Баардыгыңыздарга ийгилик каалайм", - деп жазды ал.