SerepTV Logo

Тазабек Икрамов мамлекеттик кызматкерлерди расмий иш-чараларда ак калпак кийүүгө милдеттендирүүнү сунуштады

Тазабек Икрамов мамлекеттик кызматкерлерди расмий иш-чараларда ак калпак кийүүгө милдеттендирүүнү сунуштады
Депутат Тазабек Икрамов улуттук баш кийим – ак калпакка улуттук маданий статус берүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Анын айтымында, ак калпак кыргыз элинин уникалдуу баалуулугу, тарыхый жана маданий мурасы катары каралат. «Ак калпак – тоонун, аруулуктун символу. Анын формасы Кыргызстандын мөңгүлөрү менен капталган карлуу тоолоруна окшош. Кыргыздын баш кийими ысыкта күндөн, кышында сууктан сактайт. Ак калпактын түзүлүшү, анын ар бир түсү, оймо-чиймелери өзүнчө мааниге ээ. Бул маанилер элге кантип түшүндүрүлөт? Кийизден жасалган ак калпак мекенди билдирет, анын ыйыктыгын, тазалыгын түшүндүрөт. Аны кийген адам ата-бабалардын тарыхы, элдин каада-салты, маданияты менен көзгө көрүнбөгөн жип менен тыгыз байланышта. Ак калпактын ыйыктыгы ушунда. Ак калпак – кыргыз элинин материалдык эмес маданий-тарыхый мурасынын маанилүү элементи», - деп түшүндүрдү Тазабек Икрамов өз демилгесин. Ал ак калпакка Кыргыз Республикасынын маданий символу статусун берүүнү сунуштоодо. Аны расмий иш-чараларда кийүүнү милдеттүү кылууну сунуштады.