"Татыктуу тандоо жасайсыңар деп ишенем". Акылбек Жапаров добуш берди
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берди.
Ал Бишкек шаарынын № 71 жалпы орто билим берүү мектеп-интернатынын имаратында жайгашкан № 1142 шайлоо участогунда жарандык милдетин аткарды. Добуш берүү процедурасы аяктаган соң Акылбек Жапаров мекендештереге кайрылып, аларды өз жарандык милдетин аткарууга чакырды.
"Биздин шайлоого жана шайланууга укугубуз бар. Сиздер татыктуу тандоо жасап, сиздердин кызыкчылыгыңыздарды жактап, экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзүп, сиздердин пенсияларыңызды жана айлык акыңыздарды жогорулата турган мыйзамдарды жаза турган депутаттарды шайлайсыздар деп ишенем. Өлкө тарыхында алгач ирет президенттин администрациясы жана Министрлер кабинети шайлоо процессине кийлигишкен жок деп айтууга болот. Сиздердин жоопкерчиликтүү, салмактуу, патриоттук жарандык позицияңыздарга ишенем”, - деди ал.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="85909,85910,85911"]
й