Ташиев: "Орусиядан 55 "Тигр" брондолгон унаасын, 50 жаңы КамАЗ сатып алдык"
"Орусиянын Арзамас шаарынан 55 "Тигр" брондолгон унаасын, 50 жаңы КамАЗ сатып алдык". Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик бюджеттен бул максаттарга 2 миллиард сомдун тегерегинде акча каражаты бөлүнгөн. "Тигр" унаалары атайын биздин өлкө үчүн даярдалды. Жаңы КамАЗдар Чек ара кызматы үчүн сатып алынды. Техниканын баары Баткенге жөнөтүлөт", - деди Ташиев.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="103148,103149,103150"]