SerepTV Logo

Ташиев: Коррупция менен күрөшүү иштеринин алкагында 4 миллиард сомдун тегерегинде акча чогулду

Ташиев: Коррупция менен күрөшүү иштеринин алкагында 4 миллиард сомдун тегерегинде акча чогулду
Коррупция менен күрөшүү иштеринин алкагында 4 миллиард сомдун тегерегинде акча чогулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев бүгүн, 26-мартта өткөн маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында коррупция менен күрөшүү иштеринин алкагында чогулган 4 миллиард сомдон ашык каражат түздөн-түз мамлекеттик бюджетке кошулат. "Коррупционерлер мамлекетке акча кайтаруу жолу менен жазаланып жатат. Алардын акчасын алып, мамлекеттик бюджетти толуктаганыбыз туура болот. Алардын ар бирин камай берсек, чындыгында орун да жок", - деди Ташиев.
Unknown Author